24.kg
09:39, 23 декабря 2020, 24.kg

Садыр Жапаров бийлик бутактарын толук атай алган жок

Садыр Жапаров бийлик үч бутагы катары парламентти, президентти жана өкмөттү атады. Бул тууралуу ал YouTube каналына жайгаштырылган маекте маалымдады.

Ал президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү боюнча суроого жооп берип жатып, сот бийлигин эске алган эмес.

«Бизде бүгүн үч бийлик бутагы бар: президент, парламент жана өкмөт. Биз бир эле бийлик бутагы кадрдык маселени чече тургандай тутум түзүшүбүз керек. А бизде азыр үй бийлик бутагы тең аны чечет», — дейт ал.

Баш мыйзам боюнча Кыргызстанда мыйзам чыгаруучу, аткаруу жана сот бийлиги бар. Демократиялык өлкөдө сот бийлиги көз-карандысыз бийлик бутагы болуп саналат. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18