24.kg
16:46, 22 декабря 2020, 24.kg

2021-жылды экономиканы кайра куруу жана өстүрүү жылы деп жарыялоо сунушталууда

2021-жылды экономиканы кайра куруу жана өстүрүү жылы деп жарыялоо сунушталууда. Бул туууралуу бизнес-омбудсмен Нурлан Мусуралиев билдирди.

Анын айтымында, келе жаткан жылды ишкерлерди колдоо жылы катары белгилөө керек. Ал бул боюнча сунуш президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго жөнөтүлгөнүн белгиледи.

«Азыркы экономикалык кырдаалда бизнести колдоо зарыл. Кыргызстандын экономикасын алга жылдыруу үчүн системалык чечимдерди кабыл алыш керек», — дейт ал.

Белгилей кетсек,  Кыргызстанда жыл башында жылдын негизги багыты белгиленет. 2020-жыл Балдарды коргоо жылы катары жарыяланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18