24.kg
10:27, 22 декабря 2020, 24.kg

Камчыбек Ташиевге кайрылган кеминдик кызга жардам көрсөтүлдү

Кемин районундагы Жалил Садыков атындагы мектебинде иштеген мугалимдин Камчыбек Ташиевге кайрылган кызына УКМК жардам көрсөттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.

Кыздын үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткирилди. Андан тышкары, кыздын айткандарын текшерүү үчүн комиссия түзүлдү.

Эскерте кетсек, окуучу кыз УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жөнөткөн. Ал апасы мектеп жетекчилиги тарабынан кысымга алынып келгенин, акыркы жолу директор менен жолугушууда эс-учун жоготконун айтат. Окуучу күч апасынын ден-соолугуна кабатыр болуп, Камчыбек Ташиевден жардам сурап, үй-бүлөсү оор абалда жашарын белгилейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18