24.kg
09:39, 22 декабря 2020, 24.kg

Казакстан экономиканы калыбына келтирүү үчүн 1,5 миллиард евро карыз алат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы күрөшүү жана экономиканы калыбына келтирүү үчүн 1,5 миллиард евродон ашык карыз алуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстан Азия өнүктүрүү банкынан 908 миллион евро алат. Өлкө анын 454 миллионун беш жылда, калган бөлүгүн 10 жылдын ичинде кайтарып бериши керек.

Мындан тышкары Азиянын инфраструктуралык инвестициялар банкы Казакстанга он жылдык мөөнөткө 661 миллион евро карыз берет.

Казакстандын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, каражат республикалык бюджеттин тартыштыгын жабууга багытталып, коронавируска каршы күрөшүү чараларын, калкты социалдык жактан коргоо, иш орундарын түзүү жана экономиканын реалдуу тармактарын колдоо үчүн пайдаланылат.

2020-жылдын 1-апрелине карата Казакстандын тышкы карызы 152,7 миллиард долларды түзсө, анын 80% ашыгы жеке тармактын милдеттенмелерине туура келет. Мамлекеттин тышкы карызы 12,3 миллиар долларды түзөт. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 6,7%.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18