24.kg
17:37, 21 декабря 2020, 24.kg

Райымбек Матраимов жалпы 1 миллиард 223 миллион сом которду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов атайын эсебине жалпысынан 1 миллиард 223 миллион 511 миң 690 сом которду. Бул тууралуу Каржылык министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы ирет акча 18-декабрда түшкөн. Жалпысынан Матраимовдон мунапыс үчүн ачылган эсепке 19 жолу акча которулган.

Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кийинчерээк мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18