24.kg
15:07, 21 декабря 2020, 24.kg

Таластыктар «Жерүй» кениндеги калдыктарды көмүүчү жайды жылдырууну талап кылат

Таластыктар «Жерүй» кенинин калдыктарды көмүүчү жайды жылдырууну талап кылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Элдик комиссиянын өкүлу Бакыт Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, калтыктарды көмүүчү жай Кара-Ой айылына жакын жайгашкан.

«Ал жерди даярдоо техникалык талаптар толук аткарылган эмес. Биз барганда эле таштарды чукуп чыктык. Астына таш ташталбаш керек. Кум төгүлүп, андан кийин атайын заттар менен бекемделиши шарт. Компания бизге атайын лаборотория коопсуздукту текшерип чыгат деди. Ал лаборатория менен тааныштык, аларда андай мүмкүнчүлүгү жок», — дейт Бакыт Сейталиев.

Элдик комиссиясынын билдирүүсүндө, калдыктарды көмүүчү жайды аныктооодо шамалдын багыты дагы эске алынган эмес.

«Азыр курулуш иштеринин жүрүшүндө эле чаң айылга учуп келүүдө. Андыктан ал жерди алысыраак жылдыруу керек», — дейт Бакыт Сейталиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18