24.kg
12:35, 21 декабря 2020, 24.kg

Мугалимдин кызы Камчыбек Ташиевге кайрылды. УКМК Кеминдеги мектепти текшерет

Камчыбек Ташиев УКМК Чүй облусу боюнча башкармалыгына Кемин районундагы мектепти текшерүүнү буйруду. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Маалыматка караганда, мугалимдин кызынын негизинде текшерүү жүрөт. Үй-бүлөгө жардам берүү жагы дагы каралууда.

Белгилей кетсек, Кемин районундагы Жалил Садыков атындагы мектепте иштеген мугалимдин секелек кызы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жөнөткөн. Ал апасы мектеп жетекчилиги тарабынан кысымга алынып, эс-учун жоготконун айтат. Окуучу күч апасынын ден-соолугуна кабатыр болуп, Камчыбек Ташиевден жардам сурап, үй-бүлөсү оор абалда жашарын белгилейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18