24.kg
12:24, 25 февраля 2020, 24.kg

«Инстаграмда» теракт менен коркуткан 18 жашар жаран кармалды

Бишкек шаарынын Чүй көчөсүндөгү шаардык универсал соода түйүнүндө теракт болорун айткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, roma7unuzow аттуу «инстаграм» колдонуучусу теракт боюнча билдирүү калтырган.

«Шаардык универсалдык дүкөндө саат 17:30да террористтик актысы болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 миллион доллары төлөндү» — деп жазган.

Анын Чүй областынын 2002-жылы туулган тургуну Р. Юнузов экендиги аныкталды. Ал кармалып, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына алынып келинген.

Сурактын жүрүшүндө ал жасаган ишине өкүнүп, бейбаштыктан улам жазгандыгын билдирди.

Террористтик акт тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18