24.kg
12:10, 25 февраля 2020, 24.kg

Кыргызстандын Венадагы элчилиги имараттын ижара акысына 28 миң евро төлөйт

Кыргызстандын Венадагы элчилиги жылына имараттын ижара акысына 28 миң евро төлөйт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин жыйынында айтылды.

Элчи Бакыт Жусуповдун айтымында, Венада Кыргызстандын 5 дипломаты жана бир кызматкери иштейт. Алар 190 чарчы метрлик имаратты ижарага алышкан.

«2000-жылдан бери 28 миң евро төлөп келе жатат экенсиздер. Бул акчага имарат сатып алсаңар болмок», — дейт ал.

Депутаттар бул маселени чечүү үчүн тышкы иштер министрине кайрылышмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18