24.kg
17:08, 24 февраля 2020, 24.kg

Алтын аралашмаларын чет өлкөгө алып чыгууга тыюу салуу керек

Кыргызстандан казылып алынган алтын аралашмалары өлкөдө иштетилиши керек. Бул тууралуу депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү алтын аралашмаларын чет өлкөгө алып чыгып кетүүгө тыюу салууну сунуштады.

«Өкмөт, ага караштуу органдар ушул багытта аракет жасашы зарыл. Алтын аралашмаларын чет өлкөлөргө чыгарып жаткан компаниялардын салыктык төлөмдөрү жаатындагы материалдардын баарын топтоп, талдоолорду жүргүзүп туруу керек», — деди ал.

Кыргызстанда казылып алынган алтын аралашмаларынын 70 пайызы Кытайга экспорттолуп, ал жакта кайра иштетилет. 2018-жылы 19,3 миң тонна, 2019-жылы 20,3 миң тонна алтын чет кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18