24.kg
10:40, 24 февраля 2020, 24.kg

«Биз көчөгө чыга албай калдык». Блогер Сыдымандын апасы элден кечирим сурайт

Блогер Элмир Сыдымановдун апасы Махабат Молдомусаева президентке, Жогорку Кеңешке, Башкы прокурорго жана ИИМ жетекчилигине кайрылды.

Ал Сооронбай Жээнбеков Элмир Сыдымановдун ишин адилеттүү карап берүүнү өтүнөт.

«Балам үчүн кечирим сурайм. Ал жаңылып сүйлөп алды. Мен анын блогерлик ишин колдобойм. Эки элди бөлөйүн деген ою жок болчу. Анын сөзү «хейтерлерине» багытталган. Сөзүндө бөлүп-жарууга үгүттөө дагы болгон эмес. Ал үчүн эле камап коюу адилетсиздик. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жетиштүү болчу», — дейт Махабат Молдомусаева.

Махабат Молдомусаева Элмирбек Сыдымановдун жаштыгына карабай үй-бүлөсүн багып келгенин белгилейт.

«Мен кээде ашпозчу болуп иштеп калат элем. Ал жумушумдан да айрылдым. Кичүү балдарым февраль айынын башынан бери мектепке барыша элек», — дейт блогердин апасы.

Белгилей кетсек, Элмирбек Сыдыманов аймактык кастыкты козутуу айыбы менен эки айга кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18