24.kg
16:50, 21 февраля 2020, 24.kg

Илим Карыпбеков: Роза Отунбаева апамды Жогорку соттон кетирем деп коркуткан

Экс-президент Роза Отунбаева Илим Карыпбековдун КТРКнын жетекчилигине шайланышына каршы болгон. Бул тууралуу ал жергиликтүү ЖМКга билдирди.

КТРКнын мурдакы гендиректору Илип Карыпбековдун айтымында, байкоочу кеңештин мүчөлөрү Роза Отунбаева, Фарид Ниязов жана Өмүрбек Текебаевдин көрсөтмөсү менен добуш беришкен.

«Мага 15 мүчөнүн 12си добуш берди. Мага өз калоом менен арыз жазып кетүүмдү сунушташты. Менин алдымда эле Роза Отунбаева телефон чалышты. Ал мен Бакиев менен иштегендиктен КТРКга башкы директор болбошум керектигин айтты. Байкоочу кеңештин айрым мүчөлөрү Фарид Ниязов, Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүп чыгышты. Алар дагы каршы болду», — дейт ал.

Илим Карыпбековдун айтымында, Роза Отунбаева анын апасын Жогорку соттогу жумушунан кетирерин айтып коркуткан.

«Отунбаева өзүнүн кишилери аркылуу кызматтан кетпесем апам жумуштан алынарын айтып жиберген. Ал аны менен Курманбек Бакиевдин ыкмасын колдонду», — дейт Илим Карыпбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18