24.kg
11:34, 21 февраля 2020, 24.kg

5 миңден ашык баланы ата-энеси бөтөн адамдарга таштап миграцияга кеткен

5 миң 600 баланы ата-энеси бөтөн адамдарга таштап миграцияга кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жыйынында Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, балдардын кароосуз калтырып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталууда.

«Миграцияда жүрүп баласын таштап кеткен ата-энелер бар. Ымыркайларды алып келип, документтерин даярдап жатабыз. Мында ата-энелердин дагы жоопкерчилигин кароо сунушталууда», — дейт ал.

Улукбек Кочкоров 5 миң 600 баланы ата-энеси туугандык байланышы жок бөтөн адамдарга таштап миграцияга кетип калганын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18