24.kg
09:10, 21 февраля 2020, 24.kg

Камактагы Сапарали Бөрүбаев милиция басым жасады деп прокуратурага даттанды

«Ээнбаштык» беренеси менен камакка алынган Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевге тергөөчү тарабынан психологиялык басым болуп жатат. Бул боюнча «Марал» радиосу жактоочу Асылбек Кунгуровго шилтеп билдирди.

Ал бүгүн прокурор менен чогуу Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына кирип, Сапарали Бөрүбаевге жолуккан. Бөрүбаев Баткен областтык милициясынын тергөөчүсү Замир Бекмырзаев тарабынан ар кандай басымдар болуп жатканы тууралуу прокуратурага арыз жазып берген.

«Иш боюнча тергөө тобу түзүлгөн экен. Замир Бекмырзаев ошол топту жетектейт экен. Ал өзү жалгыз тергеп жатыптыр. «Эгерде тагылып жаткан кылмышты мойнуңа алсаң, ишти кыскартабыз, албасаң кыйналып каласың» деп психологиялык басым көрсөтүп жатыптыр. Менин көзүмчө ошонун үстүнөн прокурорго арыз жазып берди», — деди жактоочу.

Адвокат ошондой эле, Сапарали Бөрүбаевдин үстүнөн даттанган жергиликтүү кеңештин депутаты Нурдин Дүйшөбаев эч кандай доом жок деп тосмо арыз жазгынан билдирди.

Мындан сырткары, тергөө тобу Сапарали Бөрүбаевдин ишине 2012-жылы Лейлектин Өзгөрүш айылындагы алтын кенде болгон окуя боюнча «тоноо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин да кошуп койгонун адвокат кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18