24.kg
17:32, 20 февраля 2020, 24.kg

Саймаитинин өлүмү. Депутаттык комиссиянын мөөнөтү узартылды

Ишкер Айеркен Саймаитиге байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү үчүн Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартылды. 

Маалыматка караганда, жаңы жагдайлар пайда болгондуктан комиссия 21-мартка чейин иш алып барат. 

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

 Айеркен Саймаити менен айрым саясатчылардын тааныштыгы айтылгандыктан ноябрь айында депутаттык топ түзүлгөн. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18