24.kg
10:38, 20 февраля 2020, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү бизге суу менен абадай керек

Санариптештирүү — бул коррупцияга каршы күрөштө негизги куралдардын бири. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан санариптештирүүнү кеч баштаганы менен Борбордук Азияда алдыга озуп чыгууну көздөйт.

«Санариптештирүүнү мен ойлоп тапкан жокмун.Бүт дүйнө жүзү санариптештирүү жолу менен алдынкы технологияларды киргизип, алдыга кетип жатат. Коррупцияны жоюунун бир гана жолу — бул санариптештирүү. Бул бизге суу менен абадай керек. Баардык органдар буга өтүшүбүз зарыл. Азыр менен президенттик аппарат толук өттү», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков 62 мамлекеттик орган, 28 коммерциялык уюм «Түндүк» тутумуна кошулганын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18