24.kg
12:03, 19 февраля 2020, 24.kg

Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна Казакстан тартылышы мүмкүн

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна инвестор издөөдө. Бул тууралуу Улуттун энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, долбоорго улуттук макамы ыйгарылат.

«Өзбекстан менен чогуу куруу боюнча келишим бар. Ал күчүндө. Бирок, долбоорго Казакстанды да тартуу каралууда. Андыктан бул жаатта дагы сүйлөшүүлөр жүрөт. Макул болсо үч өлкө ГЭСти чогуу курабыз. Ага чейин Кыргызстан айрым бөлүктөрүн өзү бүтүрө берет», — дейт ал.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон.​ Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат. Ал эми кыргыз тарап бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылууда.
 

Орусиянын компаниясы 31-октябрда Гаага сотуна кайрылган. Ага кыргыз өкмөтү 2019-жылдын 15-апрелинен кечикпей жооп бериши керек болот.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18