24.kg
10:20, 19 февраля 2020, 24.kg

Аялын унаа менен сүйрөгөн Оштун тургуну кармалды

Аялын унаа менен 5 метрге чейин сүйрөт барган Оштун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 17-февралда болгон. 43 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну Жапалак айылында аялын мончодон кийин тосуп алып, ага зомбулук көрсөтөт.

«Жабырлануучунун айтымында, ал мончодо курбулары менен кармалып калган. Чыкса жолдошу кызганып унаа менен сүзүп, жыгылып калганда өтүп кетип, кайра кайрылып келип колунан кармап, унаа менен кошо жүгүрткөн. Жубайы кулап калганда 4-5 метрге чейин унаа менен сүйрөп кеткен», — дейт милиция.

Жабырлануучу учурда ооруканада.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18