24.kg
17:08, 18 февраля 2020, 24.kg

Өзбек ашпозчулары Москвада эң чоң лагман жасашты

Москвада 13-16-февралда өткөн Эл аралык маданият фестивалында Өзбекстандан барган ашпозчулар дүйнөдөгү эң чоң лагманды жасашты. Анын салмагы 797 килограммды түздү.

Бул тууралуу Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү комитети билдирди. Билдирүүдө лагмандын узундугу бир нече чакырым экени белгиленген.

Буга чейин эң чоң лагман 2015-жылы Алматыда жасалып, «Интеррекорд» эл аралык рекорддорду каттоо агенттигинин тизмесине кирген. Анын салмагы 687 килограмм болгон.

Үчүнчү жолу өтүп жаткан Эл аралык маданият фестивалына Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Грузия, Орусия, Татарстан, Азербайжан жана Дагестандын өнөрпоздору катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18