Бишкектеги төрөт үйүндө 19 жашар келин набыт болду
Бишкек шаарындагы № 6 төрөт үйүндө 19 жашар келин набыт болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине милициядан билдиришти.
Алардын маалыматында, Ж.Э аттуу келин үч ай мурда эгиз төрөгөн.
Кылмыш иши козголуп, медициналык жагдай текшерүү жүрүүдө.