24.kg
14:01, 18 февраля 2020, 24.kg

Кыргызстанда коронавирус малда бар

Кыргызстанда коронавирус малда бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, аталган вирус үй куштарында болот.

«Коронавирустун 50дөй түрү бар. Анын айрымдары үй куштарында, иттерде жана мышыктарда болот. Кытайда бул вирус мутация болуп, адамга жугуп баштады. Кыргызстанда азырынча адамдан табыла элек», — дейт ал.

Жалпысынан Кытайда 70 548 киши инфекцияны жуктуруп, 1770ү өлдү. Дээрлик 11 миң адам айыкты. Кытайдан башка мамлекеттерде коронавирусту 778 киши жуктурган. Жапония, Гонконг, Франция, Тайвань жана Филиппинде бирден киши набыт болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18