24.kg
09:35, 18 февраля 2020, 24.kg

Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясын каржылоону токтотту

Саясаттан кеткен Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясын каржылоону токтотту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика — Ата Жур» фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев «Азаттык» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, партиянын экс-лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан жана төрагалыктан кетип, партияны каржылоого да катышпай калган.

«Ушундан улам биз «шайлоого катышабыз» деп так айта албай турабыз. Себеби айрым партиялар курултайын өткөрүп, саясий кампанияларын баштап коюшту. Биз бир аз такалып турабыз. Биздин жаңы лидерибиз жаш, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 120 талапкерди тандап чыгуу өтө кыйын», — дейт ал.

Кенжебек Бокоевдин айтуусунда азырынча «Республика» шайлоого башка партиялар менен кошо баруу маселесин карай элек. Ал эми жергиликтүү шайлоодо партия Каракол шаардык кеңешине ат салышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18