24.kg
10:15, 18 февраля 2020, 24.kg

Мурдагы тажик командири Дубайдан Душанбеге экстрадицияланды

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бириккен Араб Эмирлигинен (БАЭ) жарандык согуш мезгилиндеги Элдик фронттун мурдагы талаа командири Худжа Каримов экстрадицияланганын ырастады.

Ал 2019-жылы июлда Дубайда кармалып, үч жумадан кийин белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулган.

Тажик бийлигинин маалыматына ылайык, Каримов Тажикстанда бир катар кылмыштарга, анын ичинде адам өлтүрүү, кыйноо, батымтага алуу жана мыйзамсыз курал-жарак сактоо беренелери боюнча айыпталууда. Ал 1999-жылы өлкөдөн чыгып кетип, Малайзияда ишкерлик менен алектене баштаган. Ага чейин Тажикстандын Коргоо министрлигинин атайын тобунун жетекчи орун басары жана Футбол федерациясынын башчысы кызматтарында иштеген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18