24.kg
09:14, 18 февраля 2020, 24.kg

Түркмөнстанда мугалимдер жашыл түстөгү калемсап колдонууга милдеттендирилди

Түркмөнстанда мектеп мугалимдеринен жашыл түстөгү окшош калемсап жана блокнот колдонуу талап кылынууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

— Бир катар мектептердин мугалимдеринен түркмөн шырдагынын оймо-чиймеси түшүрүлгөн жашыл түстөгү беш калемсап жана блокнот сатып алуу талап кылынууда. Мындай калемсаптардын ар бири 45 манаттан, блокноттор 50 манатан сатылат, — деп билдирди кабарчы. Түркмөнстанда расмий курска ылайык, 3,5 манат 1 АКШ долларына барабар.

Буга чейин Түркмөнстанда эркек мугалимдер окшош такыя, аялдар улуттук көйнөктөрдү кийип жүрүүгө милдеттендирилген.

Өткөн жумада мамлекеттик телеканалдар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун парламент депутаттары менен болгон жолугушуусун көрсөтүшкөн. Видеодон залда отурган аткаминерлердин жашыл түстөгү калемсап менен жашыл блокнотторго жазып отурушканын байкоого болот

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18