24.kg
09:12, 18 февраля 2020, 24.kg

Журналист Болот Темировго кол салды деп шектелгендердин иши тергелип бүттү

Милиция «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салууну тергеп бүтүп, ишти сотко өткөрүп берүүнүн алдында турат. Бул маалыматты Темиров өзү ырастады.

Анын айтымында, шектүүлөргө «Тоноо» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча айып коюлду.

Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабап кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырып келет. Ал бул кол салууну «FactCheck» порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдогон.

Аны сабаган деген шек менен 14-январда Бишкекте төрт киши кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18