24.kg
13:58, 17 февраля 2020, 24.kg

Ат-Башылыктар логистикалык борбордун курулушун токтотууну талап кылууда

Нарын облусунун Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүүдө. Ага миңдей киши топтолду.

Митингге топтолгондор инвестор болобуз деген Кытай тарапка ишеним көрсөтүшпөй турганын, алардын түпкү ниети башка болушу мүмкүн деген пикирлерин айтышууда.

«Биз ат-башылыктар эч качан митингге чыккан эмеспиз. Бизге Кытай тараптын мындай борборду курганынын кереги жок. Мал-жаныбызды багып, ошол менен тиричилигибизди өткөргөнүбүз оң», — дешти.

Митинге «Нарын» экономикалык аймагына 200 гектар жерди ижарага берүү боюнча макулдукту жокко чыгарууну талап кылышты.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18