24.kg
13:41, 17 февраля 2020, 24.kg

Эртең Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында митинг өтөт

Эртең Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында митинг өтөт. Бул тууралуу бүгүнкү тегерек стөлдө айтылды.

Жарандык активисттер Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси генерал-майор Абдулло Навжувоновдун билдирүүсүнө каршы чыкмакчы.

«Тажик генералына жана анын үй-бүлөсүнө Кыргызстанга кирүүгө тыюу салуу керек», — деп билдирди активист Токтайым Үмөталиева.

Митингде тажик президенти Эмомали Рахмонго Абдулло Навжувоновду кызматтан бошотуу жана жоопкерчиликке тартуу сунушталат.

Эскерте кетсек, тажик генералы 12-февралда маалымат жыйында Баткен облусу эч качан Кыргызстандын аймагы болбогондугун айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18