24.kg
09:11, 17 февраля 2020, 24.kg

Баткен кыргыз жери. Тажик генералына жооп айтылды

«Баткен эч качан тажиктердин жери болгон эмес, болбойт дагы. Бул жерде байыртадан кыргыз эли жашап келген», — деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын жетекчиси Абдикарим Алимбаев.

Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө жооп берди.

«Ал кишинин мындай сөзү — тарыхты билбегендик. Облустук мекеменин башчысы болуп туруп минтип сүйлөбөшү керек. Чек араны өкмөттөр чечет. Эки мамлекеттин президенттеринин жүргүзүп жаткан ишине каршы сүйлөдү. Эки өлкөнүн кызматташтыгына анын айткандары дал келген жок. Андай болсо, Баткен аймагында жайгашкан Ворух анклавында, Чорху деген жерде биздин ата-бабаларыбыз да жашаган. Мургаб, Жергетал деген жерлерди да биздин ата-бабалар байырлаган. Андай болсо, ошол жерлер да суроо жаратып калат», — деди Абидкарим Алимбаев.

13-февралда Тажикстандын айрым маалымат каражаттарында жана Интернетте Навжувоновдун «Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес» деген билдирүүсү тараган.

14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакыртылган. Кыргыз тарап Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө кескин тынчсыздануусун билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18