24.kg
15:11, 14 февраля 2020, 24.kg

Белоруссиянын университеттери кыргыз жарандарына сегиз гранттык орун бөлдү

Белоруссиянын жогорку окуу жайлары кыргыз жарандарына сегиз орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар Белоруссияда бекер окуй алышат. Алардын төртөө бакалавриат программасы боюнча финансы жана кредит, биотехнология жана маалымат технологиялары жаатында билим алат.

Магистратурада лингвистика, эл аралык укук жана маалыматты даярдоо, башкаруу жана системалык анализдөө багытында окууга кабыл алынат.

Грант окууга кеткен чыгымдарды камтыйт жана стипендия берет.

Документтер 2020-жылдын 25-февралына чейин тапшырылышы керек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18