24.kg
14:35, 14 февраля 2020, 24.kg

Ширин Айтматова менен президенттин аппаратынын өкүлү жолукту

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөлөрү менен президенттин аппаратынын өкүлү жолукту. Бул тууралуу «Азаттыкка» кыймылдын мүчөсү Нурсултан Акылбек билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу 26-январда өткөн. Нурсултан Акылбек өлкө башчысынын аппаратынан келген өкүлдүн аты-жөнүн ачык айткан жок. Жолугушуу «Үмүт 2020» саясий кыймылынын кеңсесинде болгон.

«Ууруларга каршы күрөш тандоо жолу менен кетип жатат. Чыныгы күрөштү башташ керек. Сөз эркиндигине, кыймылдын мүчөлөрүнө кысымды токтотуу керек экенин айтканбыз. Баарын жазып алып кетти. Азыркыга чейин жооп боло элек. Айтматова президент менен жолугуп, чыныгы абалды айтып берүүнү каалаганы айткан», — деди ал.

18-январда «Үмүт 2020» кыймылынын өкүлү Ширин Айтматова президентке ачык кайрылуу жиберип, кыймылдын өкүлдөрүнө куугунтук болуп жатканын айтып, Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун суранган.

Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев алдамчылык айыбы менен 20-декабрда кармалган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18