24.kg
14:30, 14 февраля 2020, 24.kg

Лейлекте чек ара маселесин көтөрүп чыккан депутаттардын бири кармалды

Лейлек районунун Катраң айылдын кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Чек ара» коомдук бирикмесинен билдиришти.

Алардын маалыматында, Сапарали Бөрүбаев кечээ кечинде кармалган.

«Бул чагымчылдык. Биздин уюмдун мүчөлөрүнө кысым көрсөтүлүүдө», — дейт коомдук бирикменин өкүлдөрү.

Кечээ Катраң айылдык кеңешинин депутаты Нүрдин Дүйшебаев милицияга арыз жазып, Сапарали Бөрүбаев аны сабагандыгын билдирген. Арыз Бирдиктүү реестрде катталды.

Сапарали Бөрүбаев өзү кол көтөргөнүн четке кагып, алтын кенге байланыштуу айтыша кеткенин айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18