24.kg
11:31, 14 февраля 2020, 24.kg

20-февралда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Акжол» посту жабылат

20-февралынан баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Акжол-автожол» (Кыргызстан) — «Кордай-автожол» (Казакстан) өткөрүү жайлары оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.

Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.

«Бул өткөрүү жайынан жарандар мамлекеттик чек араны жөө кесип өтүшсө болот. Бирок коммерциялык максатта чоң жүктөрдү жана көлөмдүү колго алып жүрчү баштык алып жүрө алышпайт. Ошол эле убакта өткөрүү жайында курулуш иштери жүрүп турат», — дейт чек ара кызматы.

«Акжол-автожол» өткөрүү жайы жергиликтүү убакыт боюнча саат 06.00дөн 24.00гө чейин иштейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18