24.kg
09:47, 14 февраля 2020, 24.kg

Өзбекстан Орусиядан төрт аскердик тик учак алды

Өзбекстандын Коргоо министрлиги Орусиядан Ми-35М үлгүсүндөгү төрт аскердик тик учак алды. Бул тууралуу «Ташкент жаңылыктары» Телеграм-каналы кабарлады.

Буга чейин Орусиянын «Новая газета» басылмасы 2019-жылдын төртүнчү кварталында Өзбекстанга төрт Ми-35М тик учагы, 2020-жылы сегиз тик учак жеткирилерин жазган.

Транспорттук-аскердик тик учак заманбап курал-жарактар менен жабдылган жана аба ырайынын түрдүү шартында күнү-түнү согуштук милдеттерди аткарууга ылайыкташкан. Ми-35М учагынын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири — ал жүк кабинасында адамдар менен аскер жабдыктарын ташуу мүмкүндүгүнө да ээ.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18