24.kg
14:55, 13 февраля 2020, 24.kg

Орусия — Түркия мамилеси бузулууда. Эрдоган Орусияга Сирия боюнча айып такты

Түркия президенти Режеп Эрдоган Орусияны Идлиб провинциясындагы карапайым тургундарга кол салууда деп айыптоодо. Ал түрк аскерлерине кайрадан чабуул жасалса, Сирия өкмөтүнүн аскерлерине жооп кайтарыларын эскертти.

Орусиянын Коргоо министрлиги Эрдогандын маалыматы чындыкка дал келбей турганын айтты. Орусиянын көз карашында, Сириядагы террордук топтор карапайым тургундарды «калкан» катары пайдаланууда.

Апта башында Түркиянын Идлибдеги байкоо бекетине чабуул жасалган. Ондогон түрк аскерлери өлгөн. Анкара Москваны Сирия президенти Башар Асадды ыкка көндүрүп, аймактагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырган.

Бул арада түрк жана сирия басылмалары АКШ армиясы менен Башар Асаддын армиясы кагылышканын жазды. Бир карапайым тургун набыт болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, Сирия аскери америкалык патрулду токтотуп, асманга ок аткан. АКШ аскерлери бир кишини атып өлтүргөн. Мындан кийин америкалык учактар бир ирет абадан сокку урганы айтылууда.

Reuters өз булактарына таяныуу менен билдиргендей, АКШ коалициясы сирия жоокерлери менен болгон жаңжалды тастыктады. Маалыматка караганда, абал жөнгө салынды, патруль базага кайтып келди. Окуяны иликтөө иштери жүрүүдө.

Идлиб тогуз жылдан бери Сириянын президенти Башар Асаддын режимине каршылык көрсөтүп келген көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы чордону болуп саналат. Асаддын күчтөрү бул аймакты каратып алыш үчүн жаңы чабуулун былтыр 19-декабрда баштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18