24.kg
17:43, 12 февраля 2020, 24.kg

Улан Эгизбаев атындагы сыйлык ыйгарылды

Маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Анда биринчи орунду «Азаттык», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop Media» басылмасы алышты. Алардын Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллион долларлар тууралуу чогуу жүргүзгөн иликтөөсү жеңүүчү деп табылды.

Экинчи орунду «Kloop Media» басылмасынын Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан сатылган жерлер тууралуу иликтөөсү үчүн ыйгарылды.

Үчүнчү, мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын иликтеген эмгеги үчүн​ «FactChek» басылмасынын редактору​ Болот Темировго берилди.

Андан сырткары, «T-Media» журналисти​ Марат Акимбеков уулуна «​Ош: ипотекага жамынган үй сатуу бизнесиби?» деген эмгеги үчүн, журналист​ Абдылда Темирбердиевге «Уурдалган алтындар» деген эмгеги үчүн атайын сыйлыктар ыйгарылды.

Бул сыйлыкты иликтөөчү журналисттер арасында эки жылдан «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18