24.kg
17:34, 12 февраля 2020, 24.kg

Жогорку Кеңеште Улукбек Кочкоровдун вице-премьерликке татыктуу экендиги айтылды

Акрам Мадумаровдун ордуна Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров сунушталышы керек болчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Ал кесиби боюнча ветеринар Акрам Мадумаров чек ара маселесин кантип чечерине кызыкты.

«Бул мал доктур экен, ара жолдо аксап калбайсызбы? Андан көрө чекист, министр, чечен Улукбек Кочкоровду алып келбейт белеңер?», — деди ал.

Депутат өзүнчө вице-премьер-министр чек ара маселесин гана көзөмөлдөгөндүктөн атайын кызмат орун ачып олтурбай ыйгарымын Баткендин жетекчисине берип коюну сунуштады.

«Баткен Тажикстан менен чектешет. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча дагы маселе бар. Анда башка коңшулар менен дагы бүтпөгөн иштер бар. Андан сырткары, чек арадагы айылдарды өнүктүрүү боюнча чоң социалдык иштер жүргүзүлөт. Аны Баткенде эмес, Бишкекте олтуруп чечиш керек», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18