24.kg
16:07, 12 февраля 2020, 24.kg

Бакыт Абдиев президенттин сынынан кийин отставкага кетүү чечимин кабыл алды

Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Бакыт Абдиев кызматын тапшырат. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Бакыт Абдиев Сооронбай Жээнбековдун сынынын баары менен эле макул эмес. Анын айтымында, «Бирдиктүү терезе» киргизилүүдө.

«Мен жоопкерчиликти өзүмдөн алган жокмун. Бирок, менин жетекчилигимде Курулуш агенттиги жаман иштеди дегенге кошула албайм. Кылмыш ишинен коркпойм, анткени мыйзам бузган жокмун», — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде курулушка уруксат берүү боюнча 20-орундан 90го түшкөнүн белгилеп, Бакыт Абдиевге кызматын тапшырып кетүүнү сунуштады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18