24.kg
15:05, 12 февраля 2020, 24.kg

Жеңиш Разаковдун ордуна Акрам Мадумаров көрсөтүлдү

Жеңиш Разаковдун ордуна вице-премьер-министрликке өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров көрсөтүлдү.

Бүгүн анын талапкерлигин коалициялык көпчүлүк колдоду.

Белгилей кетсек, вице-премьер-министр укук коргоо органдарын жетектейт. Андан сырткары, ага чек ара маселеси толугу менен жүктөлөт.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашуу боюнча маселелерди талкуулап жатат. Өкмөт Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Тескей жана Арык-Асты участоктору Тажикстан тарапка өтөрүн кабарлаган. Коңшу тарап кайсы аймактарды Кыргызстанга сунуштаганы белгисиз.

Социалдык тармактын көпчүлүк колдонуучулары Акрам Мадумаровдун талапкерлигин сынга алышты.

Вице-премьер-министрликке Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев жана Акыйкатчы Токон Мамытовдун талапкерлиги каралып жатканы кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18