24.kg
14:53, 12 февраля 2020, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков: Казакстан ЕАЭБтин келишимдерин аткарбай жатат

Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин башкы принциптерин аткарбай жатат. Бул тууралуу президент бүгүн бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Жыйында жүк ташуучулар биримдиги Казакстандын мамлекеттик органдары Кыргызстанда бара жаткан унааларды токтотуп текшерүүгө алып, акча талап кылып жатканын билдиришти.

«Айрым учурларда 6 күнгө чейин кармап жатышат. Казак бийлиги жемкорлукка жол ачып койду», — дейт ишкерлер.

Сооронбай Жээнбеков бул маселе ЕАЭБтин жыйынында көтөрүлөрүн айтып, өнөктөштөрдү келишимдерди сактоого чакырды.

«Товарлардын уюмдун аймагында кенен кыймылы — бул төрт башкы принциптин бири. Жашырганда эмне, Казакстан келишимди аткарбай жатат. Анүстүнө бул адат болуп калды. Өткөн жылы да ушундай болгон. Биз анан каякка барышбыз керек? Бул жагы жабык болсо, биздин товарлар Россияга өтүшү керек», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18