24.kg
10:05, 11 февраля 2020, 24.kg

Тажик бийлиги Ухандагы жарандарына учак жөнөттү

«Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учагы Тажикстандын Хубэй провинциясындагы жарандарын алып келүү үчүн Кытайга кетти. Бул тууралуу 10-февралда Тажикстан Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматтарга караганда, коронавирус чыккан Ухань шаарынан 54 тажик жараны, анын ичинен 45 студент эвакуацияланат.

Тажикстан ТИМи бортту медиктер, Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин кызматкерлери коштоп барарын кабарлады. Ушул эле учак Тажикстандан Кытайга гуманитардык жүк ала кетти.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, учурда Кытайдан келген 645 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын көбү студенттер жана ишкерлер. Арасында 47 Кытай жараны да бар.

Тажикстанда коронавирусту жуктурган учур катталган жок. Өлкөнүн бардык чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде текшерүү күчөтүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18