24.kg
16:08, 10 февраля 2020, 24.kg

Казакстандын вице-премьер-министри дунгандарды кайра үйүнө кайтууга чакырды

Казакстандын вице-премьер-министри Бердибек Сапарбаев кыргыз-казак чек арасында дунгандар менен жолугушту.

Ал чек араны өтүүгө камынып жаткан дунган улутундагы казак жарандарын үйлөрүнө кайтууга чакырды.

«Күнөөлүүлөр жазаланат. Бузулган үйлөр жана башка чыгымдар төлөнөт. Баары тынч болот. Балдар мектепке барышы керек. Туугандарга айткыла, баары үйүнө кайтып келсин», — дейт Бердибек Сапарбаев.

Казак бийлиги Токмок шаарындагы оорукана жаткан жабырлануучулардын дагы ахыбалы менен таанышып, алардын сегизин алып кеткен. 

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ үйлөр, имараттар өрттөлгөн.

Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Башаламандыктан кийин Кыргызстандын аймагына өткөндөр көбөйгөн.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары чек арадан канча адам өткөнүн жарыялай элек. Бирок өкмөттөгү ишенимдүү булактар акыркы бир суткада Казакстандан Кыргызстанга 4 миң500дөн ашык адам өтүп келгенин билдиришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18