24.kg
16:18, 07 февраля 2020, 24.kg

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 70 пайызы ЖРТны кыргыз тилинде тапшырат

Кыргыз тили жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбей кирбей калгандыгы боюнча жаңылык чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкары бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев билдирди.

Анын айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн 70%дан кѳбүрѳгү ЖРТны кыргыз тилинде тапшырышат.

«Анткени 2002-жылдан бери эле тестирлѳѳнүн негизги предметтери болгон математика, окуп түшүнүү, аналогиялар жана сүйлѳмдѳрдү толуктоо, кыргыз тилинин практикалык грамматикасы деген бѳлүктѳр. Ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, физика, химия, биология, математика, сыяктуу предметтер боюнча кошумча тесттер кыргыз тилинде тапшырылат», — дейт Марат Үсөналиев.

2020-жылдан тартып жалпы республикалык тестирлөөгө филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилип жатат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18