24.kg
13:20, 07 февраля 2020, 24.kg

Кореянын Hyundai компаниясы автоунаа чыгарууну убактылуу токтотту

Кореянын Hyundai компаниясы өз өлкөсүндөгү заводунун ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Automotive News агентиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытайдан ташылуучу жабдуулар коронавирустун айынан кармалып жаткандыктан ишин токтотуу чечими кабыл алынды.

«Аталган компания мамлекеттен тышкары ири өндүрүчүлөрдүн арасынан биринчилерден болуп унаа чыгарууну токтотууга мажбур болду. Түштүк Кореядагы ишкана жергиликтүү жана АКШ, Европа, Жакынкы чыгыш мамлекеттерине машина чыгарат», — деп маалыматта айтылат.

Автоунаа чыгаруучу Tesla, Ford, PSA тобу, Nissan жана Honda чоң компаниялары Кытайдагы заводдорунуну ишин убактылуу токтотушту. Ошондой эле, PSA тобу Ухань шаарынан кызматкерлерин чыгарып кетерин билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18