24.kg
13:20, 07 февраля 2020, 24.kg

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 636га жетти

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 636га жетип, илдетти 31 миң 440 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу окмуштуулар иштеп чыккан онлайн-картадан байкаса болот.

Буга чейин 28 миң адам ооруну жуктурса, 563ү көз жумган.

Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алды деген күмөн менен 26,4 миң адам каттоого алынган. Ал эми 186 миңден ашыгы ооруган адамдар менен тыгыз байланышта болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү «2019-nCoV» деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18