24.kg
13:19, 07 февраля 2020, 24.kg

Жарандардын жеке маалыматы сатылат. Мамлекеттик органдар аны четке кагат

Мамлекеттик органдардан сегиз миң сомго жарандардын жеке маалыматын сатып алса болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча ага жеке нотариустан маалым болду.

«Сегиз миң сом төлөп, унаанын номерин айтсаңыз сизге машинанын ээси, кандай айып пулдары бар экенин айтып берет. Керек болсо балдарыңыз жана алар кайсы жакта экенинине чейин көрсөтүп берет, — дейт Марлен Маматалиев.

Депутаттын айтымында, мындай маалыматтарды салык, соцфонд жана малекттик каттоо мекемелери берип турат.

«Өкмөткө тез аранын ичинде жеке маалыматты сактоо органын түзүү керек», — деп сунуштады Марлен Маматалиев

Ал эми, салык кызматынын басма сөз кызматы, мекеме салык төлөчүлөрдүн өздүк маалыматтары сатылбай турганын белгилешти. «МСК салык мыйзамынын чегинде иштейт. Салык кодексинин 54-статьясынын негизинде салык төлөчүлөрдүн бардык маалыматы жашыруун бойдон калат», — деп мекемеден билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18