24.kg
09:22, 07 февраля 2020, 24.kg

Казакстан медициналык беткаптарды экспорттоого тыюу салды

Казакстан коңшулаш Кытайда тараган коронавируска байланыштуу медициналык беткаптар кымбаттагандан кийин аны экспорттоого тыюу салды.

Кытай менен чектеш (чек ара чектешкен аймак 1800 чакырым) Казакстанда бул вирусту жуктаргандар каттала элек. Бирок Кытайдан келген ондогон жарандар карантинде.

«Өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун этикага сыйбаган аракеттерин баса белгилегибиз келет. Алар запастагы беткаптарды Кытайга сатышкан, буга байланыштуу өкмөт экспортко тыюу салды», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Диас Ахметшарип.

Ал өлкөдө суроо-талап көбөйгөнүнө байланыштуу өкмөт беткаптарды өлкөгө ташуу маселесинин үстүндө да иштеп жатканын кошумалады.

Кытайдан коронавирустан 563 киши өлдү, илидетти жуктаргандардын саны 28 миңден ашты. Кытайдан тышкары — Гонконг жана Филиппинде бирден киши көз жумду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18