24.kg
09:00, 07 февраля 2020, 24.kg

Кыргызстанда 154 адам коронавируска байланыштуу стационардык кароодо

Кыргызстанда коронавирустун байланыштуу 154 адам стационардык кароодо, 260 жашаган жери боюнча медициналык байкоодо. Бул тууралуу коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумунда айтылды.

Маалыматка караганда, республикада коронавирус менен ооругандар жок, эпидемиологиялык абал туруктуу.

«Ал тургай үчүнчү өлкөлөрдөн келгендер дагы термометр жана башка текшерүүдөн өтүүдө. Жарандар аныктама даяр болгончо карантиндик аймакка жайгаштырылууда. Аныктоо үчүн өлкөдө бардык зарыл шарттар бар. Лабораториялар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аккредитациясынан өткөн, адистер окутулган», — деп өкмөттө билдирди.

Акыркы маалыматтарга карганда, коронавирустан каза болгондордун саны 565 киши. Ал эми жуктургандардын саны 28 миң 224 киши. Көпчүлүк оругандар Хубэй провинциясында катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18