24.kg
16:39, 06 февраля 2020, 24.kg

«Сен менин бактымсын». Зеленский жубайын туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн Украина президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленскаянын туулган күнү. Ал 42 жашка толду. Зеленский аялынын туулган күнүнө арнап жылуу куттуктоосун Instagram баракчасына жазып чыкты.

Ал ыраазычылын жубайынын ар бир сөзүнө, көз карашына, бирге баскан жана чогуу өтө турган жолуна билдирди.

«Сүйүп. Суктанып. Сыймыктанам. Балдарыбыздын көзүнөн сизди көрөм. Сиздин камкоордугуңуз менен колдооңузду сезем. Жагымдуу жана жагымсыз жаңылыктарды кабыл алууңузду ойлоном. Үйдөгү жолугушууну биринчи кезигүүбүздөй күтөм. Сөздөр ашык болгон нерсени көзүм менен айтам. Чогуу күлүп, кайгырабыз. Сен менин бактымсын», — деп президент билдирүүсүн калтырды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18