24.kg
15:14, 06 февраля 2020, 24.kg

12 ирет соттолгон жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Ошто киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 39 жаштагы Т.Ж жана 49 жаштагы А.Э. экөө спирт ичимдигин ичип олтурушуп, пикир келишпестиктен бири-бири менен сөз талашып уруша кетишет. Натыйжада Т.Ж, А.Э.ни бир нече жолу бетине, баш тарабына уруп, андан соң, оор жаракат алган шеригин күч менен үйүнөн чыгарып жиберет.

«Жолдон өткөндөр «тез жардам» кызматын чакырып, ал Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. А.Э алган жаракатынан улам, өзүнө келбей каза болгон», — деп маалыматта айтылат.

Кылмышка шектүү катары, Т.Ж кармалып, соотун чечими менен эки айга камак түрү тандалып иликтөө иштери уланууда. Кармалган жаран 12 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18