24.kg
11:53, 06 февраля 2020, 24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткенде коронавирус катталганын жокко чыгарды

Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме Баткен облустук биргелешкен ооруканасына коронавируска шектелип, эки бейтап жаткырылганын четке какты.

«Кытайдан Кыргызстанга Тажикстан аркылуу эки адам келген. Аларды санитардык-карантин бөлүмүнүн кызматкерлери эрежеге ылайык көзөмөлгө алуу үчүн ооруканага жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык», — дейт.

Азыр анализдер алынып, байкоо жүргүзүлүүдө.

Министрликтин билдирүүсүндө, өлкөдө эпидемилогиялык абал туруктуу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18